ӨКМ Чарбакка гуманитардык жана акчалай жардам алып баратат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендин Чарбак айылына гуманитардык жардам алып кетти. Балдарга жылуу кийим-кечек, кир жуугуч каражаттар жана 232 килограмм кургатылган мөмө-жемиш жеткирилет. Ошондой эле министрликтин эмгек жамааты чогулткан 300 миң сом накталай акча Чарбак чатагында жабыркагандарга берилет. Бул маалымат ӨКМ маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдон алынды. (RK)