Обама: Куралды көзөмөлдөө – мамлекеттин милдети

АКШ президенти дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында Сэнди-Хук мектебиндеги трагедия кайталанбасы үчүн курал колдонууга чектөө киргизүүнү карап жатканын билдирди. Барак Обама курал-жарактарды көзөмөлдөө – мамлекеттик коопсуздук үчүн туура кадам деп эсептейт:

- Менин максатым – саясат эмес, менин максатым – биздин балдарыбыздын коопсуздугун бекемдөө, курал-жарак аркылуу зомбулукту азайтуу. Менин оюмча, биз муну Башмыйзамга туура келгидей кылып жасай алабыз. Бул сунушту кароо учурунда Конгресс мүчөлөрү өздөрүнүн абийирин сыноого тийиш деп ойлойм.

Өткөн жылдын 14-декабрында 20 жаштагы жаран Коннектикут штатындагы Сэнди-Хук мектебинин жыйырма окуучусун жана дагы алты кишини атып өлтүргөн.