Баткендеги Бөжөй - Сөгөт - Бел жолунун курулушуна өкмөт жардам берет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жол курулушунда иштеп жаткан техникалар үчүн 6.5 тонна күйүүчү май бөлүндү. Министрликтин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, күйүүчү май бүгүн жеткирилет. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Бөжөй - Сөгөт - Бел жолунун курулушуна керектелчү атайын техника жагынан кошумча жардам берилет.

Бөжөй айылы Баткен шаарынан 80 чакырым аралыкта жайгашкан, 700гө жакын калкы бар. Айыл Кыргызстандын башка аймактары менен Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу гана байланышат, уюлдук байланыш тартпайт.

6-январдагы Чарбактагы жаңжалдан соң Сохтогу чек ара бекеттери жабылгандан кийин айылдын тургундары Баткенге келе албай калышкан.(ZKo)