Таабалдиев: Баткендеги кырдаал Президенттин көзөмөлүндө

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Таабалдиевдин “Азаттыкка” маегинде айтканына караганда, Чарбактагы окуяны Президент Алмазбек Атамбаев 5-январдан тарта эле жеке көзөмөлүнө алган. Мамлекет башчысы окуя боюнча чара көргөн жок деген дооматтарды Таабалдиев четке какты.