Бишкек: соода жайларда салык үчүн терминалдар орнотулду

Бишкектеги айрым ири соода жайларда жана "Орто-Сай", "Мадина" базарларында салык төлөй турган терминалдар орнотулду. Азыр дагы башка супер маркеттерге коюу боюнча иштер жүрүп жатат. Мындай саамалык салык төлөөчүлөр жана салыкчылардын түйшүгүн жеңилдетүү, салык чогултууну жакшыртуу максатында киргизилди. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады. (EBM)