КТРК кабарчыларын сабады делген адамдын баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту Коомдук телерадио корпорациясынын эки кабарчысына кол көтөрдү деп шектелген Айдин Кулбаевдин баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” КТРКнын кабарчысы Ширин Асанакунова билдирди.

7-январда КТРКнын журналисттери Бурулай Пусурманкулова жана Ширин Асанакунова “Түндүкэлектр” ишканасынын өкүлдөрү менен бирге рейдге чыккан. Алар Бишкекте "Ата-Түрк" сейил багынын жанында электр энергиясын мыйзамсыз колдонгон үйлөр боюнча сюжет тартып жүргөн.

Журналисттердин айтымында, Малдыбаев-16 дарегинде жашаган киши аларга кол көтөрүп, техникаларын сындырып салган. Шаардык милиция бул окуя боюнча кылмыш иш козгоп, ага шектүү катары 1983-жылы туулган Айдин Кулбаев аттуу жаран кармалганын маалымдаган. (EBM)