Газдын баасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кумурзаев бүгүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2013-жылы коңшу өлкөлөрдөн канча көлөмдө газ келери такталган. Азыр анын баасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Маалыматка ылайык, Өзбекстандан 100 миллион куб метр газ Кыргызстандын түштүгүнө, Казакстандан 300 миллион куб метр газ түндүк облустарга бериле турган болду.

Кулмурзаев учурда Казакстан менен Өзбекстандан Кыргызстанга газ үзгүлтүксүз келип жатканын, бирок кырдаал өзгөрүп кетиши ыктымалдыгын белгилеген. Ал эми “Кыргызгаздын” маалымат катчысы Жайнагүл Максимованыны "Азаттыкка" айтымында, газ колдонуучулар бул айда декабардагы баа менен төлөшөт. (КЕ)