Баткен: Сохтогу чек ара бекеттери ачыла элек

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Жеңиш Айдаровдун айтымында, Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги Кыргызстандын бардык чек ара бекеттери жабык бойдон турат. Учурда ички иштер министри Шамил Атаханов жана чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов окуя болгон аймакта жүрөт.

6-январда Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын тургундары Кыргызстандын Чарбак айылынын тургундарына кол салган. Натыйжада 30 адам барымтага алынып, бир канча унаа талкаланган. Барымтага алынган кыргызстандыктар кечээ кечинде бошотулган. Бул чатакка Кыргызстан Чарбак айылынын жанына чек ара тозотун (застава) ачышы себеп болгон. (КЕ)