ЕККУ Кыргызстан менен Өзбекстанды сабырдуулукка чакырды

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы, Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожара Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында болгон окуяга байланыштуу тараптарды диалогго үндөдү.

- Барымтада кармалган адамдардын бошотулушун кубаттайм. Жаңжалга тиешеси бар бардык тараптарды сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырам. Проблемалар тынч жол менен диалог аркылуу чечилүүгө тийиш. ЕККУ өтүнүч түшсө өз мандатынын алкагында бул процесске арачы түшүүгө даяр, - деп айтылат билдирүүдө. ЕККУ окуялардын мындан аркы өнүгүшүнө жакындан байкоо салып турмакчы.