Волейбол боюнча “Бурганак” мелдеши өтүүдө

15-17 жаштагы өспүрүмдөр үчүн уюштурулган “Бурганак” үчүнчү республикалык турнири ушул күндөрү Бишкек, Кара-Балта жана Жалал-Абад шаарларында өтүп жатат. Бишкектеги №62-мектепте Чүй, Бишкек жана Кара-Кол шаарларынын командалары таймашууда, ал эми ушул эле шаарлардын кыздар командасы Кара-Балта шаарында беттешүүдө. Түштүк аймагындагы спортчулар үчүн турнир Жалал-Абад шаарында өтүүдө. Бул тууралуу спорттук кабарчыбыз Кабыл Макеш билдирди. Анын айтымында турнирдин финалдык бөлүгү жай айында Ысык-Көлдө болот. JAk