Аба ырайы

Шашылыш эскертүү

1-2-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 жана 198-265-чакырымында), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымы), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, жана 145-150-чакырымы), тоолуу жолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болушу мүмкүн. Жол тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы

2-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 14, Ысык-Көл аймагында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1...-6 градус суук болот,
Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1 ... -6,
Баткенде түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -8... -13, күндүз -3…+2
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-2, чыгышында -11...-16, күндүз 0...-5, чыгышында -3...-8
Нарында түнкүсүн -24…-29, күндүз -11…-16,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35, күндүз -10…-15,
Тоолордо түнкүсүн -19…-24, ал эми күндүз -9…-14 болот.

Бишкекте 2-январда түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -11 ...-13 градус, күндүз -2…-4 градус суук болот. (КЕ)