Тез жардамга кайрылгандардын саны былтыркыдан көп болду

Бишкектеги Тез жардам кызматынан «Азаттыкка» маалымдашкандай, 31-декабрь түнү атлган кызматка 685 кайрылуу түшүп, анын 503үнө жардам көрсөтүлгөн. 90дон ашууну ооруканага жаткырылды. Жаңы жыл түнү 4 адам каза болгон. Ошондой эле 13 адам газга ууланып кайрылган. Бул убакытта Бишкекте 35 тез жардам бригадасы кызмат көрсөттү.

Өткөн жылы бул күнү тез жардамга 656 адам кайрылган болчу. (КЕ)