Жаңы жыл түнү 31 өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, 31-декабрь түнү өрттүн кесепетинен Чүй облусунун Ысык-Ата районунун бир тургуну каза тапты. Жалпысынан республика боюнча 31 өрт кырсыгы катталса, анын ону жардыргыч заттарга байланыштуу чыккан. Ал эми жардыргыч заттардын айынан эң көп өрт чыккан – Кара-Суу району болду.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаап жаткан жана күтүлгөн кардан улам тоолордо жана тоо этектеринде кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Айдоочулар жол жүрүүдө 500 метр аралыкты сакташы керек. (КЕ)