Социалдык фонд жылды киреше менен жыйынтыктоодо

Өтүп бараткан жылдын жыйынтыгы боюнча, Социалдык фонддун чыгашасынан кирешеси көп болоору болжолдонууда. Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ Жогорку Кеңеште билдиргендей, быйыл профицит 45 миллион сомду түзөөрү күтүлүп жатат.

Анын берген маалыматына ылайык, 2012-жылы жарандар Социалдык фондго камсыздандыруу үчүн көп акча төлөшкөн, ал жыл башында болжолдонгонго караганда 103,7 пайызга көп. Ошондой эле бул жылы фонддун акцияларынан 158,6 пайызга көбүрөөк пайда чогулган.

Мындан улам парламент “Социалдык фонддун 2012-жылга бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун карап, добуш берүүгө жиберди.

Келерки жылы пенсиянын көлөмүн кеминде 10 пайызга жогорулатуу каралууда. (AKu)