"Супер-инфонун" жамааты тергөө абагынын алдына митингге чыкты

Ушу тапта Бишкектин №1 тергөө абагынын жанында нааразылык акция өтүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, "Супер-инфо" гезитинин отуздай кызматкери аталган басылмада мурда иштеп, кийин чуулгандуу окуядан кийин бошотулган кесиптешинин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатат.

Быйыл күзүндө "Супер-инфонун" тамаша-торуна теле алып баруучу Назира Айтбекованы түшүрүп, ага кордук көрсөтүлдү деген айып менен кылмыш иш козголгон. Айып гезиттин кабарчылары Бахияна Сатылганова, Максат Орозумбетов жана спортчу Жанат Муратовго тагылган.

21-декабрда Бахияна Сатылганова менен Жанат Муратов тергөө абагына камалган.Сатылганованын төрт айлык боюнда бар экенин, үйүндө эки жашар баласы калганын айткан кесиптештери аны бошотууну талап кылып жатат. Ошондой эле азыркы түзүлгөн жагдайга байланыштуу тилектештик жана колдоо көрсөтүү максатында Сатылганова менен Орозумбетов кайра ошол эле ордуна жумушка алынганын айтууда. (BkA/RK)