Сириядагы аба соккудан ондогон адам мерт кетти

Аба соккусуна кабылган жер. 23-декабрда тартылган сүрөт.

Аба соккусу өлкөнүн борбордук Хама провинциясында нан жабуучу жайга жасалган. Согушкерлер өткөн аптада ээлеп алышкан Халфая шаарчасынын бул провинциясынын тургундарынын “Рейтер” агенттигине айтканына караганда, кечээ адамдар нан алуу үчүн кезекте турган кезде жасалган аба соккудан кеминде 90дой киши мерт болгон.

Ал эми баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, аба соккудан кеминде 60 адам өлүп, 50дөй киши оор жаракат алган.

Бул чабуул Сириянын жарандык согушу учурундагы эң кандуу окуя катары мүнөздөлүүдө.

Бул аралыкта активисттердин айтымында, жекшемби күнкү уруштардан бүткүл Сирия боюнча 180дей кишинин өмүрү кыйылган. Бул маалыматтарга тушташ Сирияга БУУнун чабарманы Лахдар Брахими келди. Ал Дамаскта президент Башар Асад менен кездешкени жатат. (UE)