Атамбаев: "Газпромго" бир катар талап коюлду

"Кыргызгаз" ишканасын сатып алат деп жаткан орусиялык "Газпром" компаниясына Кыргызстан бир катар талап коюп жатат. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында айтты.

Биринчиден, газ жыл бою үзгүлтүксүз берилип турушу керек, экинчиден, баасы арзан болуп, үчүнчүдөн 500 миллион доллар инвестиция салышы керек жана төртүнчүдөн Кыргызстанда газ чалгындоону улантышы зарыл.

Атамбаев "Кыргызгаз" 1 доллар эмес, үстүнө акча кошуп берүүгө даяр абалда деп айтты. Анткени карызы чоң, элди газ менен жакшы камсыз кыла албай жатат.

“Кыргызгаздын” башкы директору Тургунбек Кулмурзаев аталган ишкананы менчиктештирүү маселеси Москвада “Газпромдун” өкүлдөрү менен талкууланганын, келерки жылдын 1-апрелине чейин бул ишти бүтүрүү макулдашылганын өткөн аптада билдирген болчу.

“Газпром” “Кыргызгаздын” 100 пайыз акциясына ээлик кылууга кызыкдар экени, ошондой эле 5 жылдын ичинде 20 миллиард рубл инвестиция берүүгө даярдыгы айтылган.

Кыргыз тарап ошондой эле "Кыргызгаздын" "Газпромго" берилчү баасы 1 доллар экенин билдирген. (EBM/RK)