Түп-Кеген жолу убактылуу жабык, калган жолдордо кыймыл бар

22-декабрда Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген жолунун 60-76-чакырымында катуу бороондун кесепетинен жол жабылган. Кечээтен бери Транспорт министрлигинин №4 жолдорду эксплуатациялоочу ишканасынын техникалары күрткүнү тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош –Эркеч-Там жолдорунда машинелердин кыймылы демейдегидей. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу айрым аймактарда кар көчкү жүрүү коркунучу бардыгын эскертип, айдоочуларды бул жолдордо тиешелүү аралыкты сактоого чакырууда. (ZKo)