Ала-Арчаны тазалоо уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, Бишкекте Ала-Арча дарыясын тазалоо токтогон жок. Сууну күнү-түнү көзөмөлдөп туруу үчүн атайын топ түзүлдү.

15-декабрда Шаардын Рыскулов атындагы көчөсүндө Ала-Арча дарыясындагы көпүрөдө муз тоңуп, суу нугуна ашып кеткен. Тоз жалпысынан 10 үйдү каптаган. Натыйжада 50дөй адам мектептерге убактылуу жайгаштырылган. Учурда алардын баары үйлөрүнө кайтып келди. (EBM)