Апрель окуясы боюнча сот уланат

Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, токтоп калган сот иши 24-декабрда улантылат. Буга чейин апрель окуясы боюнча айыпталуучу тараптын адвокаттары тергөө маалында тиешелүү процедуралар бузулганын жүйө кылып, ишти кайра тергөөнү соттон суранган. 5-декабрда Жогорку Сот кайра тергөө боюнча арызды четке каккан чечим чыгарган.

Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. Ишти Бишкек аскердик гарнизондук соту кароодо. Бул иш боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге айып тагылган. (BkA)