Өкмөт өлкөдөгү энергетикалык абалды талкуулайт

Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында өлкөдөгү энергетикалык абал талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында энергетикалык кыйын кырдаалдан чыгуу жолдору сунушталмакчы.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө энергетикадагы маселелерди тезинен чечүүнү буйруп, энергетикалык кыйын кырдаалдан чыгуу үчүн ички мүмкүнчүлүктөрдү караштырууну тапшырган болчу. (BkA)