Ош-Эркеч-Там жолу кайра ачылды

Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолунун 190-240-чакырымдарындагы кар тазаланып бүтүп, жол кыймылы калыбына келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Бул жол кечээ түнү болгон катуу бороондон улам жабылган. (KKs)