Кыз ала качууга жаза күчөтүү боюнча долбоору акыркы кароодо

Кыргызстанда кыз ала качкандарды жазалоону катуулатуу боюнча мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда каралат. Өткөн аптада мыйзам долбоору кезектеги талкуусунан өткөн болчу.

Мыйзам долбоору бүгүн жетиштүү добуш алып, үчүнчү окуудан өтсө президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчы кол койсо, күчүнө кирет.

Ага ылайык, Кылмыш кодексинин 154-155-беренелерине өзгөртүү киргизилип, ала качуу аракети адам уурдоого тете бааланып, кыз ала качкандар 7 жылга чейин, 18 жашка чыга электерди ала качкандар 10 жылга эркинен ажыратылат.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда жылына 10 миңден ашуун кызды ала качышат. Бирок ал ишти жасагандардын дээрлик баары жазасыз калат.(BkA)