Ысык-Көлдө көчкү кыштоого кетчү жолду бууп калды

Кечээ түнү Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Оттук-Сары-Жаз жолуна үч жерден көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, кар көчкү сегиз үй-бүлө жашаган кыштоого жана чек ара туругуна кетчү жолду жаап калды. Азыр жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын башка аймактарындагы жолдор ачык. (KKs)