Сеулда кыргыз-корей кызматташтыгы талкууланды

Корея республикасынын борбору Сеул шаарында кыргыз-корей кызматташтыгы талкууланды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөрү ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын алгачкы жыйыны өттү.

Кыргыз делегациясын энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов баштап барды. Соода-сатык, инвестиция, энергетика, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана өнөр жай тармагында кызматташуу тууралуу сөз болду.

Корея тараптын айтымында, быйыл эки өлкөнүн ортосунда сооданын жалпы көлөмү 138 миллион доллардан ашты. (RK)