Бишкектеги айрым соода түйүндөрүнө алкогол сатууга уруксат берилбейт

Ошондой эле бир катар коомдук тамактануу жайларында да алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салынды. Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мындай чара “Алкоголдук ичимдиктерди сатууга уруксат берүү тартибине” ылайык эки жумадан бери көрүлө баштады. Аталган жобо боюнча ашкана, дүкөндөрдүн айланасындагы 100 метр аралыкта мектеп, бала бакча жана жашы 18ге толо элек улан-кыздар окуган окуу жайлар болсо, аларга алкоголдук ичимдик сатууга уруксат берилбейт.

Тыюу салынган ашканалардын арасында “Таксим Балтика”, “Ниагара”, Кент”, “Пирогофф-Водкинь”, “Москва” кафелери, “Аристократ”, “Триада” жана “Народный” соода мекемесинин айрым дүкөндөрү бар.

Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы мындай иш-аракеттер жакынкы күндөрү жалпы республика боюнча көрүлөрүн, алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салынган кафе-ресторан, дүкөндөрдүн катарын чакан соода түйүндөрү да толуктай турганын кошумчалады. (ZKo)