Сот системасын реформалоого коомчулуктун колдоосу зарыл

Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос укук жана сот системасын реформалоо боюнча талкууда сүйлөгөн учурда билдирди. Анын айтымында, бардык жарандар үчүн мыйзам үстөмдүгү эң маанилүү, ошондуктан реформалар ийгиликтүү болушу үчүн коомчулуктун колдоосу зарыл. Бирок элдин колдоосуна ээ болуу үчүн эң ириде алардын адилеттүүлүккө ишеничин камсыз кылуу зарылдыгын баса белгилеген Капинос сот жараяндарына мониторинг жүргүзүү коомчулуктун сот системасына ишеничин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүп берет деп эсептейт.

ЕККУ быйылкы жылы Кыргызстандын түштүгүндө бир катар соттук териштирүүлөргө байкоо жүргүзүп чыккан. Кечээки жыйында катышуучулар жүргүзүлгөн байкоолордун корутундулары менен таанышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЕККУнун Бишкектеги борборунан маалымдашты. (ZKo)