Египетте президенттин тарапкерлери менен оппозиция тирешүүдө

Бүгүн Каирде Египет оппозициясы жана президент Мухаммед Мурсинин жактоочулары демонстрация өткөргөнү жатышат. Негизги оппозициячыл кыймыл- Улуттук куткаруу майданы 16-декабрда Конституция боюнча өтчү референдумду болтурбоо үчүн элди жапырт көтөрүлүүгө чакырган.

Оппозиция жана адам укугун коргоочулар исламчылар баштаган парламенттик комиссия даярдаган Баш мыйзамдын долбоорун жарандардын универсалдык укуктарын, аялдар менен азчылыктардын укуктарын коргобойт деп сындашууда. Президент жана анын тарапкерлери, ошондой эле “Мусулман агайындар” жаңы Конституция Хосни Мубарак президенттиктен кулатылгандан кийинки өзгөрүүлөрдү камсыздоо үчүн зарыл дешүүдө.

Дүйшөмбү күнү Египет армиясына полиция менен бирге коопсуздукту камсыздоо вазийпасы жүктөлгөн жана Мурси аскерлердин жарандарды камакка алуусуна уруксат берген.