Сарык боюнча абал оңоло элек

Кыргызстанда сарык оорусу боюнча абал оңоло элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Сарык болуп катталгандардын саны соңку аптада 1 175 адам болду. Бул дагы эле көп экени айтылууда. Айрыкча Таласта, Нарында жана Бишкекте абал оор.

Сарык ичеги-карындын жугуштуу оорусу деп эсептелет. Адамдын боорун жабыркатат.

Бул илдеттин айынан учурда Бишкектеги бала бакчалардагы кыркка жакын топто карантин жарыяланып, жабык турат. (RK)