Нарында куткаруучулар койчунун өмүрүн сактап калды

Нарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары койчунун өмүрүн сактап калышты. Аталган министрликтин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, 10-декабрда түштөн кийин Нарындын Карга-Жайлоо деген жеринде кой жайып жүрүп тоодон кулап түшкөн 64 жаштагы Отунчиев деген кишиге жардам көрсөтүлгөн. Азыр ал киши ооруканада дарыланып жатат. (RK)