Атамбаев Германияга расмий сапар менен барат

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Германияга эки күндүк расмий сапарга жөнөп кетет.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, кыргыз президентинин сапарын утурлай Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде маалымат жыйын өттү. Ага бир катар гезит-журнал, саясый уюм өкүлдөрү жана эксперттер катышты. Элчи Болот Отунбаев аларга кыргыз-немис мамилелеринин тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги тууралуу маалымат берди. Атамбаевдин сапарынын программасы жана максаты тууралуу айтып, суроолорго жооп берди.

Атамбаевдин бүгүн башталчу сапары кыргыз жетекчилигинин Германияга
соңку сегиз жылдан бери алгачкы жолу барышы болот. Расмий сапардын программасы азырынча жарыялана элек. (RK)