Бүгүн Бишкекте этника тармагындагы укук коргоо маселесине арналган эл аралык семинар өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады. Семинар Кыргызстан президентине караштуу Башкаруу академиясында өткөнү жатат. Ага Орусиянын Илимдер академиясынан жана Борбор Азиядагы ар түрдүүлүктү башкаруу боюнча ресурстук борбордон эксперттер катышат. Этника жаатындагы укук коргоонун алгылыктуу жактары, кемчиликтери, мамлекеттин жана коомдун ролу талкууланат. (RK)