Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, Сейсмология институту 9-декабрда кечки саат 10дон 46 мүнөт өткөндө күчү эпицентрде 4 балл болгон жер титирөө каттады.
Ош облусунун Ленин айылында жана Өзгөн шаарында 4 балл, Ош шаарында 3-3,5 балл болду.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. (RK)
Ош облусунун Ленин айылында жана Өзгөн шаарында 4 балл, Ош шаарында 3-3,5 балл болду.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. (RK)