Венесуэланын президенти Уго Чавес мураскорун атады

Уго Чавес улуттук телеканал аркылуу жекшембиде Кубага ооруканага кетээрин айтып, эгер онкологиялык операциядан кийин абалы өтө начарлап кетсе, өлкөдө бийлик жүргүзө турган мураскору деп вице-президент Николас Мадурону атады:

-Кокус күтүүсүз нерсе болуп кетсе, Николас Мадуро Конституцияда жазылгандай менин президенттик мөөнөтүмдү гана бүтүрбөстөн, жаңы президенттик шайлоо өткөрөт. Бардыгыңар Николас Мадурону Боливариа́нды Венесуэла Республикасынын президенти кылып шайлооңор абзел. Мен чын жүрөгүмдн суранам.

7-октябрда Ува Чавес 4-жолу 2018-жылга чейин Венесуэланын президенти болуп кайра шайланган. 58 жаштагы Чавес 1 жыл мурун Кубада операция болуп, февраль айында 2-ирет зыяндуу шишикти алдырган.