Египетте оппозиция массалык митингге чакырууда

Мухаммед Мурсинин атаандаштары тарапкерлерин шейшембиде жалпы өлкөдө болору айтылып жаткан массалык митингдерге чакырды. Өлкөдөгү ири оппозициялык партиялардан жана кыймылдардан куралган Улуттук куткаруу фронту жекшембидеги жыйынында президент Мухаммед Мурси тарабынан сунушталган сүйлөшүүлөргө барбай турушканын расмий жарыялап, буга президент Баш мыйзамдын жаңы редакциясы коюлуп жаткан референдумду оппозиция каршы экенине карабай өткөрүп жатканын негизги себеп катары айтып чыгышты. Ошол эле учурда Мурсинин тарапкерлери да аны колдоп митингге чыгары айтылууда.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы коюлган референдум 15-декабрга белгиленген. Жаңы Баш мыйзам боюнча Египет Ислам шариатынын талаптарына ылайык жашай турган өлкөгө айланат жана анда сөз эркиндиги, аял-эркек тең укуктуулугу тууралуу айтылган эмес. (ZKo)