Козголоңчулар Дамасктагы эл аралык аэропортту «аскердик зона» деп жарыялашты

Сириялык козголоңчулар баш калаадагы аэропортту «аскерий зона» деп жарыялоонун максаты өкмөттүк күчтөргө курал-жарак жеткирүүнү токтотуу экендигин билдиришти. Карапайым адамдарга аба майдандын аймагына жакын барбоону эскертишти.

Орусия менен Иран президент Асаддын режимин курал-жарак менен камсыздоодо деген маалымат айтылып келген. Сириялык өкмөт болсо аэропорт кадимки калыбында иштеп жатканын жарыялады.

Соңку апталарда Дамасктын чеке-белинде өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын кармашы күчөп, шаардан аэропортко барчу жол жабылган.

Сириянын оппозициялык улуттук комитетинин лидери Моуаз Алхатыб дүйшөмбүдө Брүсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катыша тургандыгы белгилүү болду.