Газа шаарында он миңдеген палестиндер ХАМАС кыймылынын түптөлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө. Кыймылдын лидери Халед Машал эл алдына чыгып сүйлөп, ХАМАСтын алдыдагы стратегиясы жана Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас башында турган секулярдык ФАТХ партиясына мамилесин айтат.
ХАМАС 1987-жылы палестиндердин Израилге каршы биринчи козголоңунан (интифада) кийин түптөлгөн. 2006-жылы Палестинадагы парламенттик шайлоодо жеңип, Газа тилкесин 2007-жылдан бери көзөмөлдөйт. Израил, АКШ жана Евробиримдиктин өлкөлөрү ХАМАСты террорчу уюм деп таанышкан.
Өткөн айда Израил ХАМАСтын согушкерлерине каршы 8 күндүк аскерий операция уюштуруп, 170 палестиналык жана 6 жөөт набыт болду.