Швециялык уюм НАТО күчтөрү бейтапкананы түрмөгө айлантканын айтууда

Ооганстанда иш алып барган швециялык гумжардам тобу октябрда Вардак дубанында алардын бейтапканасын НАТО жана ооган күчтөрү басып алгандыгын билдирүүдө. Ооганстан үчүн швециялык комитеттин кечээ билдиришинче, аскерлер бул жайда үч күн курал-жарак, ок-дарыларын топтошкон.

НАТОнун маалымат катчысы генерал Гүнтер Ках "Азаттыкка" бул жайга НАТО жана ооган аскерлери согушкерлердин аткылоосунан баш калкалап келишкенин билдирди. Бирок ал сыртында тийиштүү жазуу болбогондуктан аскерлер анын медициналык жай экендигин билишкен эмес деп ырастады.