Быйыл табигый жана техногендик кырсыктар көбөйдү

Чукул кырдалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, быйыл жыл башынан бери күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу 430 факт катталды. Дээрлик көпчүлүгүн табигый жана техногендик кырсык түзөт. Былтыр бул көрсөткүч 216 болгон.

Жалпысынан мындай кырсыктардан 39 адам каза тапты жана материалдык чыгым 920 миллион сомдон ашты. Куткаруучуларга миңден ашуун кайрылуу түшкөн. Өлкө боюнча 3,5 миңдей өрт кырсыгы катталган. Чукул кырдаалдар министрлиги азыр кар көчкүнүн алдын алуу жана кесепетин жоюуга даяр турат. (EBM)