Бүгүн Кыргызстандагы 2,5 миңден ашык мечитте жума намазы маалындагы талкуулар жаратылыш кырсыктарын алдын алып, кесепеттерин жеңилдетүү темасына арналат. Бул боюнча муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиевдин атайын буйругу чыгарылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, министрлик элдин чукул кырдаалдар тууралуу маалымдуулугун арттыруу үчүн муфтият менен иштешүүгө макулдашкан. (KKs)