Министрлик-мекемелердин чыгымы териштирилет

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн парламентте министрлик жана мамлекеттик мекемелердин чыгымын териштире турган комиссия түзүлөрүн айтты. Бюджеттегеи иш сапар жана майда-барат чыгашалар каралган беренелерге эле 12 миллиард сом кетерин, муну териштирип кыскартуу керектигин белгиледи.

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда бюджет маселелери талкууланып жатат. Ага премьер баш болгон өкмөт мүчөлөру катышууда. (EBM)