Каракол тергөө абагында ачкачылык жарыялагандар 80ге чукулдады

Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Каракол шаарындагы №3 тергөө абагында кармалган 50дөй адам бүгүн эртең мененден тарта тамактан баш тартып, ачкачылык жарыялаган. Алардын саны түштөн кийин 79га жетти. Ачкачылык жарыялагандар тергөө абагындагы айрым камераларды ачууну, тамак-ашты, кармоо шарттарын жакшыртууну талап кылышууда.

Мындай маалыматты жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан да тастыкташты. Кызматтын өкүлү Элеонора Сабатарованын айтымында, борбордон атайын өкүлдөр Караколго барып, абактагыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. (BkA)