Чеченстанда Рамзан Кадыров атындагы мечит курулат

Чеченстандын Шали шаарчасында 10 миң адам сыйчу жаңы мечиттин алгачкы ташы коюлду. Жаңы мечит республиканын президенти Рамзан Кадыровдун ысмын алат. Жекшемби күнкү таш койуу салтанатына Рамзан Кадыров жана башка мартабалуу жетекчилер катышты. Чеченстандын уламалар кеңешинин башчысы Кожо-Ахмед Кадыровдун айтымында, мечит “көптөгөн жарандардын өтүнүчүнө байланыштуу” курулууда. Өзбекстандык архитекторлор долбоорлогон Рамзан Кадыров атындагы мечит үч жылда курулуп бүтүүгө тийиш.

Грозныйда 2008-жылы курулуп бүткөн жаами мечитине Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун ысмы берилген.