Кумтөр: мамлекеттик комиссия ишин ушул жумада жыйынтыктайт

Бул тууралуу бүгүн Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, экономика жана монополоияга каршы саясат министри Темир Сариев жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анда комиссиядагы юридикалык топтун башчысы Алмамбет Шыкмаматов Кумтөр боюнча 1992, 2003 жана 2009-жылдагы түзүлгөн келишимдер мыйзам бузуулар менен түзүлгөнү аныкталганын маалымдады.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия ушул жылдын июль айында түзүлгөн. Комиссияга эл аралык эксперттер менен бирге кенди иштетүүдөгү зыяндарды аныктап-баалоо, бир катар келишимдерди кайра карап чыгуу тапшырылган.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчетунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, кыргыз өкмөтү менен алтын кенди иштетип жаткан “Центерра Голд Инк” компаниясынын 2003-жылдагы келишими өлкө кызыкчылыгына каршы келет деп табылган.

Документке ылайык, Башкы прокуратурага Кумтөр боюнча түзүлгөн бардык келишимдерди жана башка документтерди иликтөө тапшырылган. (EBM)