Кумтөр кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия бүгүн ишинин алгачкы жыйынтыктары менен жарандык коомдун өкүлдөрү менен бөлүшүп жатат. Анда комиссиядагы юридикалык топтун башчысы Алмамбет Шыкмаматов Кумтөр боюнча 1992, 2003 жана 2009-жылдары түзүлгөн келишимдер мыйзам бузуулар менен коштолгону аныкталды деп билдирди.
Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия ушул жылдын июль айында түзүлгөн. Комиссияга эл аралык эксперттер менен бирге кенди иштетүүдөгү зыяндарды аныктап-баалоо, бир катар келишимдерди кайра карап чыгуу тапшырылган.
Буга чейин Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчетунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, кыргыз өкмөтү менен алтын кенди иштетип жаткан “Центерра Голд Инк” компаниясынын 2003-жылдагы келишими өлкө кызыкчылыгына каршы келет деп табылган.
Документке ылайык, Башкы прокуратура да Кумтөр боюнча түзүлгөн бардык келишимдерди жана башка документтерди иликтөө тапшырылган болчу. (EBM)