Орусия кардуу бороондун кесепети менен күрөшүүдө

Орусиянын Европа тарабындагы Тверь, Новгород жана Ленинград облустарында кардуу бороондун айынан жол каттамы үзгүлтүккө учурады. Москва менен Санкт-Петербургду бириктирген негизги жолдогу кыймыл дээрлик 200 чакырымга чейин жайлап, эки шаар ортосундагы автобус каттамы убактылуу токтотулду. Жекшембиде тиешелүү мекемелер жолдо атайын тамактануу станцияларын ишке киргизди. (KKs)