Египетте жаатташкан тараптардын массалык демонстрациялары башталат

Кечээ Конституциялык комитеттин чечиминен кийин Каирдеги "Тахрир" аянтына чогулган миңдеген эл президентке каршы митингге чогулду, 30-ноябрь, 2012

Өлкөдөгү чыңалуу президент Мухаммад Мурсинин исламчыл союздаштары жаңы Конституциянын долбоорун жактырышкандан кийин күчөдү. Кечээ мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү исламчылардан турган Конституциялык комитет Баш мыйзамды добушка коюп жатканда өлкөнүн көптөгөн шаарларында миңдеген эл нааразылык жыйындарына чыкты. Бүгүн президенттин колдоочулары – “Мусулман агайындар” – өзүнүн демонстрациясын да өткөргөнү жатат.

Либералдар менен христиандардын бойкотуна карабай, кечээ Конституциясы комиссия документти жактырган. Жаңы даярдалып жаткан Конституцияны сындагандар бул документте айрым фундаменталдык укуктар бузулганын айтышат. Маселен, анда ислам Египеттин мамлекеттин дини экени, ошондуктан жумурияттын мыйзамдары “шариатка негизделиши керектиги” айтылат.

Президент Мурси болсо ал документти жактырып, жакынкы күндөрү элдик референдумга койору күтүлүүдө.