Бейшемби үнү Зестапони шаарчасынын мэри Каха Гетзадзе кармалды. Ал жарандарды кемсинткен, курал менен коркуткан жана жеке менчик мүлккө зыян келтирген деп күнөөлөнүп жатканын жергиликтүү булактар кабарлашты. Гетадзе Грузия парламентинин мурдагы мүчөсү жана президент Саакашвили башындагы "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынын активдүү мүчөсү.
Октябрдагы парламенттик шайлоонун натыйжасында Бидзина Иванашвили премьер-министр болгондон бери Саакашвилинин партиясына мүчө ондогон даражалуу чиновниктер камакка алынды. Үстүбүздөгү аптанын башында Тбилиси мэриясы жети башкармалыгы Башкы прокуратура, Финансы жана Ички иштер министрлиги тарабынан текшерилип жатканын маалымдаган.