Укук коргоочулар саламаттык сактоо тармагын жеке колго берүүгө каршы

Укук коргоочулар кеңеши саламаттык сактоо тармагын жеке колго берүүгө каршы экенин билдирип, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду. Анда премьер-министр Жантөрө Сатылдиевдин 29-ноябрда форумда саламаттык сактоону өзүн өзү камсыздай турган тармакка айландыруу тууралуу айткандары сынга алынган.

Укук коргоочулар элдин ден соолугана кам көрүү коопсуздук, билим берүү жана социалдык коргоо сыяктуу эле мамлекеттин маанилүү милдети экенин, буга чейин да кайсы өкмөт келбесин жеке колго берүүгө аракет кылып келгенин белгилешкен. Кайрылууда бул маселеге депутаттардын кийлигишүүсү керектиги айтылган.

Өкмөттүн маалымат кызматы учурда бул тууралуу комментарий бере элек. (EBM)