Казакстандын соту дагы бир гезитке тыюу салууда

Алматыдагы “Ден соолук” бейөкмөт уюмунун президенти Бакыт Туменованын “Азаттыктын” казак кызматына айтканына караганда, ал соттун “Республиканские вести - деловое обозрение" гезитинин ишин токтотуу боюнча көрсөтмөсүн алган.

Ал документтерде басылмага биротоло тыюу салуу маселесин жакында сот чечери айтылган. Сот болуучу күн белгиленген эмес.

Аталган газета көбүнесе жарандардын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү укуктарын чагылдыруу менен алектенчү.

Өткөн аптада казак прокуратурасы сотторго оппозициядагы “Алга” партиясын, "Элдик майдан" кыймылын жана оппозициянын бир нече маалымат каражаттарын “экстремисттик” уюм катары таануу өтүнүчү менен кайрылган.

Андан бери сот чечими менен эки оппозициячыл гезиттин иши токтотулду. (UE)